23.09.2019 09:41

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм Саид Бебеза табылды (видео)

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм Саид Бебеза табылды (видео)

Калаа милициясы дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Саид Бебезаны тапты. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 18-сентябрында Бишкек шаардык Свердлов РИИБине калаа тургуну И.Н. арыз менен кайрылып, 11 жаштагы уулу Саидди табышып коюуну суранган. Ал 16-сентябрь күнү саат 15:00 чамаларында «Дордой» конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча, кайра келген эмес. 

Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. 

21-сентябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаш Гвардия бульварындагы «Дельфин»  бассейнинен алыс эмес жерден Саид Бебеза аман-эсен табылган. Бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.